КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдардын суицидинин алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

«Жайында балдар каникулга чыгып, сууга түшүп, күнгө күйүп гана жыргап эс албастан, алар үчүн тобокелдиктер да жогору. Балдар жайкысын лагерлерге эс алууга, көлмөлөргө, сууларга түшкөнү барышат. Мунун баарынын бир топ коркунучтары бар», –  деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, коомчулукту балдардын коопсуздугу маселелерине тартуу, колдо болгон бардык аянттарды, анын ичинде социалдык тармактарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу, алар аркылуу ата-энелер жана балдар үчүн коопсуздук чараларын эскертүүчү социалдык билим берүү роликтерин көрсөтүү зарыл.

 «Бул чараларды ыкчам тартипте ишке ашыруу керек, себеби ата-энелер күнүмдүк иштер менен алек, балдар көбүнесе өздөрү менен өздөрү. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети – эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун максималдуу камсыздоо. Балдар менен жайкы лагерлер гана эмес, жер-жерлерде спорттук иш-чаралар, билим берүү ийримдери, китепканалар, жайлоо-бала бакчалары иштөөгө тийиш», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр өспүрүмдөр арасында суицид маселесине өзгөчө көңүл бурду, балдарды өз өмүрүнө кол салууга түрткөн негизги себептер атан-энелери жана туугандары менен урушуу, улуулар тарабынан көңүл буруу жана түшүнүүнүн жоктугу, бактысыз сүйүү болуп саналат.

Анын айтымында, буга байланыштуу «Тез байланыш – 111» ишин активдештирүү керек, балдар квалификациялык жана психологиялык жардам алыш үчүн кайда телефон чалууга болорун билиши кажет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.