КТРКнын жаңы башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Игорь Шестаков билдирди.

Маалымат боюнча, Үсөн уулу 15 добуштун 13 алды. Азыркы тапта жеңүүчү НТС телеканалынын жетекчиси. Өзүнүн жаңы кызматын Үсөн уулу 20 марттан баштап аткара баштай.

Эскертсек, КТРК жетекчилигине 19 адам талабын койгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.