«Чектелген каражаттар менен мамлекет баардык экономиканын тармактарына колдоо көрсөтөө албайт. Ошондуктан келечектеги приоритеттерди блегилөө зарыл», — деп КР президенти Сооронбай Жээнбеков белгилеген.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кумтөр алтын кени токтогондо республиканы оор сыноо күтөт. Ишканансыз тармактагы жалпы киреше 2 млрд сомду түзөт.
«Өнөр жай өнүкпөсө биз жумуш орун түзө албайбыз. Тармактыгы абалы алтындын өндүрүүсү менен экспортко байланыш», – деп президент басмалады.
Чындыгында, Кыргызстандын экономикасы Ысык-Көл облусунда иштеген “Кумтөр” ишканасы менен байланыш. 1994-жылдан баштап ишкана стратегиялык жана бюджет түзүүчү объект болуп саналат. 24 жылдын (1994-2018) ичинде “Кумтөр Голд Компани” ЖЧКун Кыргызстандагы төлөмдөрү $3,774 млрд чапчыган. Анын көпчүлүгү экологиялык төлөмдөр, Ысык-Кол облусунун өнүктүрүү фондусу жана инфраструктуралык, спорттук, билим берүү долбоорлорун колдоо.
Келечектеги өндүрүүнүн көлөмү төмөндөгөнү менен, “КГК” президенти Дэниел Дежардендин айтымында, компания жергиликтүү коомчулукка жарадамын көрсөтөт. Андан сырткары, Кумтөр геологиялык чалгындоого катуу мамиле буруп жатат. Эгерде жыйынтыктар ийигилктүү болсо, ишкананын иши дагы бир нече жылга созулат.
Элет.media редакциясы “Кумтөр Голд Компани” ЖЧКын ишке ашырган долбоорлорун изилдеди.
Көп жылдын ичинде компания Ысык-Көл облусунун Стратегиялык туруктуу онүгүү долбооруна ири жардамын көрсөтүп келет. Бул иш төрт багытта алып келинет: агросекторду модернизациялоо, жаштар менен өнөктөштүк жана билим берүү демилгелерди колдоо, кичи жана орто ишкерлерди колдоо, экология.
Дыйкандарды колдоо
«2026-жылга чейин Кумтөр колдогон долбоор жана демилгелер өз алдынча өнүгүп, жергиликтүү бюджет менен калкка жардам берүү маанилүү», – деп «КГК» белгилеген.
Акырындап ысык-көлдүктөр үчүн маанилүү долбоорлор ишке кирип жатат. Көп жылдан бери “КГК” жергиликтүү дыйкандарды колдоп, аларды айыл чарбада жаңы технологияларды колдонууга үйрөтөт. Дыйкандар күнөсканаларды куруп ар кандай осүмдүктөрдү отургузат.
Маселен, 2018-жылы Ысык-Көлдүн туштүгүндө төрт күнөскана пайда болду. Анын арты менен Кытай, Дархан жана Туура Суу айлынын окуучулары жана Оргорчор бала бакчасынын наристелери жыл боюу жемиштер менен камсыздалат. Долбоордун бюджети 2,638 млн сомду түздү. Жалпысы менен “Карагат+” долбоор аркылуу 15 күнөскана курулду.

“Кумтөрдүн” жардамы менен жергиликтүү калк күндүн энергиясын суу сордургучтарга жумшап, кургатылган мөмөлөрдү өндүрөт.
Ишкана талааларды сугаруу инновациялык ыкмаларга үйрөтүп, элеттеги ирригациялык тармакты өнүктүрүүгө жардам берет. Биргелешкен ишмердик менен, Жети-Өгүз, Тоң районунун айлылдары суу менен камсыздалды. 2018-жылы Конкино айылы да таза сууга жетти.
«Калыбына келтирүү иштеринен кийин райондогу кырдаал оңолду. Липенка айылынын ирригациялык системасын 1950-жылдары куруп, бирок тазалоо, оңдоо иштери өткөн эмес. Сугаруу маселеси курч болгон. Бассейндер же суу сактоо жайлар жок. Ирригациялык системасынын оор абалы үчүн, суунун жоготуулары 40-50%ы түзгөн. “Кумтөр” ишканасына биз ыраазыбыз. Алар болбосо биз маселени чечкен мүмкүнубүз жо болгон!» – деп Липенка айылынын суу коллонуучулар Ассоциациясынын жетекчиси Жетиген Абдыласов айтып берди.

«Кумтөр Голд Компани» үчүн билим берүү тармагы маанилүү. Көп жылдан бери компания ысык-көлдүк окуучуларды кесиптик лицейден окутуу стипендиясын колдойт. Биринчи орунда көп балдары бар үй-бүлөлөр, жарды үй-бүлөлөр, жетим жана жакшы окуган балдар турат. Жакшы окуган студенттер кенден стажировка өтүгөө мүмкүн алышат. Жыйынтыкта, долбоордун 65% бутүрүүчүлөрү Кумтор кенине иштеп калган.
Ишкана Каракол шаарында кичи жана орто бизнести иштеүүгө жардам берген бизнес-тренингтерди өткөрөт. 2018-жылы Кумтөрдүн колдоосу менен Тоң жана Жети-Өгүз районунун беш айлынында ондон ашык долбоор ишке ашырылды.Ишкерлерге бизнести алып баруу боюнча жана гранттарга билдирме тузүү боюнча жардам көрсөтүлдү. Анын алкагында айылдарда сулуулук салондор, унаа оңдоо жайлар, фермалар, тигүүчү цехтер ачылды.

«Бизнести пландаштыруу боюнча тренингди жөнүндө билгенден кийин катышам деп чечим кабыл алдым. Окуу буткөндөн кийин мени долбоорумду тандашып кичи грант менен колдоо көрсөтүштү. Ал аркылуу мен дагы беш тигүүчү машинка алып бизнесимди кеңейтип алдым. Азыр биз Бишкектен да буйрутма алабыз. Мурда мүмкүнчүлүгүбүз чектелгендиктен биз көп буйрутма алганга шартыбыз болгон эмес. Азыр бул мүмкүн менде бар», – деп Бөнөбаев айлынынын ишкери Нургуль Бектурганова айтып берди.
2013-жылдан баштап “КГКнын” каржылоосу менен “Ысык-Көл облусунун жаштар банкы” ишке кирген. Компаниянын салымы $300 миң түзгөн. “Жаштар банктарынын” мүчөлөрү билдирмелерди карап маанилүү долбоорлорду тандашат. Демилгерер инфраструктураны оңдоп түздөө, жаңы жумуш орундарын түзүү, спорттук жана башка долбоорлорду камтыйт.
Ишкананын кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө өзүнчө айтып кетсек болот. Компания калктын социалдык жашоосун оңдоого, спорттук комплекстерди жана билим берүү имараттарын ачуу боюнча ишин ар дайым алып барат.
Маселен, өткөн жылы Кумтөр Барскоон айылында билим берүү борборун ачкан. Жаш кыргызстандыктар шахмат, менталдык арифметика жана улуттук оюндарга үйрөнөт.
2018-жылы ишкана “Балдардын өнүгүү борбору” долбоорун ишке ашырган. Долбоор “Жайлоодого бала бакчага” уландысы болуп кетти. Бул долбоор жайлоого кеткен чабандардын балдарына мектепке даярдануу мүмкүн берди.

Ошол эле жылдын сентябрь айында ишкананын каржылоосу менен Жети-Өгүз районунун Саруу жана Тосор айылдарында кичи футбол аянтчалары ачылды.
Кыргызстандын шаарларынын социалдык мекемелери да жардам көрөт. 2018-жылдын май айында ишкананын кызматкерлери өз каражаттарына «ЛОВЗ Тендик» Коомдук фондуна азык-түлүк жана гигиеналык топтомдорду тапшырган. Бул коом ден соолугу чектелген балдар бал үй-бүлөлөргө жардам берет.
2019-жылдын апрелинде “Кумтөрдүн элчилери” ордо калаанын көзү көр жана чала көргөндөрдүн атайын мектеп0интернатына жардамын көрсөтүштү. Эки ай мурун «Малыш, ты будешь жить!» кайрымдуулук акциясын уюштурган.
“КГКдан” да Бишкектин 90 китепканасы жардам алган. Январь айында аларга кыргыз жана орус тилиндеги 500 китеп танпшырылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: