Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Нарын облусуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнө тиешелүү №145 жана №147 контурундагы Кара-Тал участогунун жайыт жери мыйзамсыз пайдаланылганы ыныкталды. Тактап айтканда, Кара-Тал участогунун жайыт жерине 3 жаран үй, короо-сарайларды мыйзамсыз куруп алган. Жыйынтыгында, бул факты боюнча материалдар Нарын РИИБге жана Нарын региондук архитектура курулуш контролдоо башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: