4-апрелден 6-апрелге чейин Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөзү билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколуна кол коюлду. Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти, бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.