Мамлекеттик миграция кызматы жарандык активисттер менен биргеликте Кара-Балта шаарындагы “Джунда” нефтини кайра иштетүүчү заводуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Заводдун аткаруучу директору Алтынбек Садырбаевдин сөзүнө таянсак, бүгүнкү күндө, “Джунда” НКЗ 100дей адам эмгектенет, алардын 300ү Кытайдын жараны, 600дөй адам кыргызстандыктар.
Ал “Бардыгынын иштегенге уруксаттары, визалары жана паспорттору бар. Бизде легалсыз эмгектенишкен кытайлыктар жок жана мында Кытайдан келген жогорку квалификациялуу адистер иштейт. Келгендер үчүн иштеген жеринде атайын жатаканалар курулган”. – деп айтты.
Аманбол Бабакуловдун жана Кубанычбек Дүйшеев (“Кырк чоро” коомдук кыймылы) атынан келген жарандык актвисттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын ишканада иштеген КЭРдин жарандарынын паспортторун жана визаларын текшерүүсүнө катышты.
А. Бабакуловдун сөзү боюнча активисттер заводдо эреже бузуулардын жок экендигине ынынышты.
“КЭРдин бардык жарандары легалдуу иштей экен. Биздин мыйзамдарды бузган фактылардын жок экендигин көрдүк. Протест кылуу акциясында 2 талап болгон, биринчиси – чет өлкөлүктөргө Кыргыз Республикасынын жарандыгшын берүүгө тыюу салуу. Экинчиси – легалсыздарды депортациялоо”, – деп айтты ал.
Миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүнө киргизиле турчу жаңы эрежелер тууралуу айтып берди.
“Биз тарабынан жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын катышы 80% жана 20% түзгүдөй мыйзамдык актылар даярдалып жатат. Ошондой эле ар бир чет өлкөлүк жумушчу үчүн иш берүүчүлөр тарабынан чегерилүүчү сумма жогорулатылат. Биздин болжолдорго ылайык, бул жаңы киргизүүлөр казынага 200 миллион сомдой толуктоо алып келет”, – деп белгилеп өттү.
Мында 120дай адам иштейт, алардын 80и кыргызстандыктар. Компаниянын менеджери Роми Мухаммад бардык чет өлкөлүк жумушкерлердин тизмесин берип, ишкананын иши тууралуу айтып берди. Ошондой эле, ал «Лахор Стил Милс» кайрымдуулук иштерин жүргүзөрүн баса белгиледи. Сокулук райондук ооруканасына наркы 40 миң АКШ доллары турган кардиоэхограмма сатып берилди жана медикаменттерди сатып алуу үчүн каражат бөлүндү.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: