2019-жылдын 22-апрелине чейин миграция мыйзамдарын бузуп Россиянын аймагында жүргөн КРнын жарандары РФнын аймагынан чыкпастан миграциялык картасын мыйзамдап алууга укуктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Аны үчүн жарандар белгиленген мөөнөттө РФнын ИИМнин Миграция боюнча Башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө (ID-карта менен же чет өлкөгө чыгуучу паспорт менен) барса, аларга миграциялык каттоого тургузуу менен жаңы миграциялык карта берилет.

Ошону менен бирге россия тарабынан “миграциялык мунапыска” туш келген Кыргызстандын жарандарынын тизмеси берилгендигин кабарлайбыз.

Ал тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын расмий сайтында жана “Фейсбук” социалдык тармагындагы баракчасында жайгаштырылган. Ушуга байланыштуу, КРнын РФдагы Элчилиги жана КРнын ММКнын Өкүлчүлүгүнүн расмий сайтынан  «Миграционная амнистия-2019» деген бөлүмүнө шилтеме боюнча, же төмөндө көрсөтүлгөн телефондор аркылуу өзүн тизмеден тактап, анан РФнын Миграция башкармалыгын тийиштүү бөлүмүнө жаңы миграциялык карта алууга барууга болорун сунуштайт.

Ошону менен бирге “миграциялык амнистия” Россия Федерациясынын аймагында аймактан чыгып кетүү тууралуу соттун токтому менен жүргөн КР жарандарына таркатылбай тургандыгын эскерте кетебиз.

Тактай турган маалыматтарды алуу үчүн КР Россия Федерациясындагы Элчилигинин же Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн жана төмөндөгү түз телефон линияларына чалып, кайрылса болот:

  • Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү: +79252917272, +74957807413, +74957807412, +74957807410; +79632687242, +7999936043, +79655946023,+79661583616; +79267591234, +79267349097; +79263055413.
  • КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмү: +79251032911, +74992383304;
  • КРнын РФнын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу: +73432236812, +7343223613, +73432236814, +73432236815;
  • КРнын РФнын Новосибирск шаарындагы Вице- консулдугу:+73832106624:
  • КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы Кеңсеси: +73912343408;
  • КРнын РФдагы Элчилигинин Cанкт-Петербург шаарындагы Кеңсеси: +79006349095; + 7 9626882506;
  • КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы Кеңсеси +7 9247251756;
  • РФнын Санкт-Петербург шаарындагы КРнын Ардактуу Консулдугу +7 812717-00-27, +7812717-24-88,+ 79219393540;
  • РФнын Краснодар шаарындагы КРнын Ардактуу Консулдугу +7 988245-43-02;
  • РФнын Оренбург шаарындагы КРнын Ардактуу Консулдугу +7909605-28-05
  • РФнын Хабаровск шаарындагы КРнын Ардактуу Консулдугу: +7421247-39-77; +79098524444;
  • РФнын Воронеж шаарындагы КРнын Ардактуу Консулдугу +7473261-61-15; +7473 616115 +7(906) 6705154;
  • РФнын Южно-Сахалинск шаарындагы Ардактуу Консулдугу +74242 30-05-14,   +7 984 139 33 77,  +7 984 139-33-77,  +7 962 5805252;
  • РФнын Томск шаарындагы КРнын Ардактуу Консулдугу : + 7 3822200551, +79234445055;
  • Уфа шаарындагы КРнын Ардактуу Консулдугу: +73472732503.
  • Москва шаарындагы Колл-борбор: +74956606204.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.