Россия Федерациянын курамындагы Якутия Республикасында кыргыз мигранттардын кадамдарына каршы митинг өттү. Митингдин себеби Кыргызстандын жараны жергиликтүү тургунду зордуктаганы себеп болду. Бул тууралуу Якутия.инфо кабарлады.

Маалыматка ылайык, митинг өткөрүү үчүн Якутск шаарынын стадионуна жергиликтүү райондордун тургундары чогулуп мигранттарды текшерүүнү чакырышты. Шаардын башчысы Сардана Аксентьеванын айтымында, Якутсктун мэриясы, мигранттар иштеген ишканалардын баарын текшерүү буйругун чыгарды.

“Шаардын, мамлекеттин ээси жеткиликтүү укуктук жана экономикалык ыкма менен текшерет. Ооба, кылмышкерлердин улуту жок. Бирок, бизге ЕАЭБнун келишими менен келип, мыйзамдын чегинде иштеген жарандарды эске алышыбыз керек”, – деди Аксентьева.

Якутиянын башчысы Айсен Николаев, митингчилерди эл аралык чырдан алыс болууга чакырды.

“Биз меймандос калкбыз. Бирок биздин мыйзамды сыйлабаган конок – конок эмес, ал зомбучул. Биз ага сокку беришибиз керек”, – деди мамлекет башчысы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.