Кыргызстандагы соттук экспертизанын ишмердигин жакшыртуу иш чаралар каралат. Коомдук талкууга маалыматтык материалдардагы экстремизмди аныктоо маселеси чыгарылды. Бирок, бул экспертизаны Дин иштери бобюнча мамлекеттик комиссиясы өткөргөн. Эксперт Гульшайыр Абдирасулованын айтымында, экспертизаны комплекстүү түрдө өткөрүү туура. Эксперттер жана дин изилдөөчүлөр комиссиянын жана эксперттик кызматтын ишин тууралап, регламент киргизүүнү сунуштайт.

Абдирасулованын айтымында, комиссия экспертизаларды кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу өткөргөн. Экстремизмди аныктаганда 90% учурунда дин изилдөөлөр болгон. Бирок, аны комплекстүү түрдө өткөрүп: ишке дин изилдөөчүлөрдү эмес, психолог менен лингвисттерди чакыруу зарыл.

«2019-жылга чейин маалыматтык материалдардагы экстремизмди аныктоо боюнча изилдөөнү Дин иштери бобюнча мамлекеттик комиссиясы алып барган. Жаңы мыйзам долбоордо бул органдын укугу алынат. Алар экспертиза кылганга укугу бар, бирок соттук иштен сырткары. Изилдөө үчүн атайын кызмат керек», – деди эксперт.

Мыйзам долбоору иштетилип жатканда эксперттер көптөгөн келишпегендиктерди менен кемчиликтерди аныкташкан. Экспертизаны Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан сырткары, жеке эксперттер өткөрүүгө мүмкүн болуш керек. Демилгечилердин оюу боюнча, бул кадам экспертиза тармагындагы монополияны жоет. Андан сырткары, жарандар кандай бир экспертизанын жыйынтыгы менен маакул болбосо, алар башка эксперттерге кайрылууга мүмкүн болот.

«2019-жылга чейин мыйзамда экстремисттик адабиятту сактоо деген норма гана болгон. Азыр аны “таратуу үчүн сактоо” деп алмаштырдык. Маселең, бир адамга вотсап аркылуу экстремисттик түрдөгү видео келди. Телефондун ээси ал сакталып калганын да билбей калат. Эски жаза кодекс боюнча, бул адам экстремисттик адабиятты сактаган үчүн жоопко тартылмак”, – деп Абдирасулова жыйынтыктады.

Экспертизаларды өткөрүү практикасын жакшыртуу 2019-жылдын 13-мартында БУУун баңгизат жана кылмыштар боюнча башкармалыгы (БКБ) КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын психологиялык-лингвисттик жана дин экспертизалар бөлүмүнө 9 миң АКШ долларына жабдууларды тапшырды.

БУУ БКБы иш чараларды Кыргыз Республикасынын дин тармагындагы 2014-2020-жылдардагы мамлекеттик концепциясы, дин экспертизасын жакшыртуу иштери, Кыргызстандагы Тынчтык Куруу Пландарынын Приоритеттеринин (2018-2020) багытында ишке ашырып жатат.

БУУ БКБы Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик кызматынын ишмердигин күчөтүү иштерин эки долбоор аркылуу алып барат: АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Эл аралык бангизатты айландыруу жана укук коргоо боюнча Бюросунун (INL) каржылоосу менен “Кыргызстандагы соттук-эксперттик ишмердикти күчөтүү” долбоору жана БУУун Тынчтык Куруу Фондунун жардамы менен “Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасындагы мекемелериндеги органдарынын зордук кылуусуна радикалдаштырууну профилактикасы” долбоору.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.