13- 25-марттарда Чүй, Ош, Нарын облустарында “Тилектештик автобусу” юржардам акциясы өтөт

Айрыкча аймактарда көп адамдар өз укуктарын билишпейт. Мына ушул көйгөйлөрүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы “Тилектештик автобусу” эң мыкты тажрыйбасы мол юрист адвокаттар жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү социалдык көйгөйлөрдү кантип чечүү керек жолдорун бекер айтып беришет. Пилоттук аймак катары Чүй, Ош, Нарын облустары алынды. 
 “Тилектештик автобусу” акциясы 13-марттан 25-мартка чейин өткөрүлөт. 
 
Акция учурунда пенсия, жөлөкпул, паспорт, туулгандыгы туралуу күбөлүк алуу, жер-үлүштөрү, үй-бүлө куруу, ажырашуу ж.б. маселелери боюнча мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине суроолорду берип, жооп алса болот. 
 
Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында акция административдик, билим берүү, коомдук, профилактикалык борборлордо уюштурулат.

Source – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.