Панфилов районунун ИИБнүнкызматкерлери Чалдыбардагы мушташтын уюштуруучуларын кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 16-июнунда саат 01:50 чамасында Панфилов районунун ИИБ массалык мушташ боюнча кабар түшкөн. Жергиликтүү ооруканага жабыркаган өспүрүмдөр жеткирилген.
Жеринде тергөөчү топ чыгып, 17-18-жашар Чалдыбардын тургундары кармалган. Алардын айтымында, саат 00:30 жа балдар бири бири менен кайырма айтып, массалык мушташка өтүп кеткен.
Кармалган жарандар тергөө камак жайында жеткирилип, керектүү экспертизалар өткөрүлгөн.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: