25-сентябрда Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай кенин иштеткен кытайлык ишкерлер менен жергиликтүү тургундардын ортосунан чыр чыккан. Бул тууралуу видеону Youtube соцтармагынын колдонуучусу Азизбек Кожобаев жарыялаган.
Видеодо кытайлык жарандар менен котормочуларды жергиликтүү тургундар тегеректеп: “Эмнеге келдиңер?”, – деген суроолорду берип жатышат. Андан сырткары котормочуралга Кадамжайга меймана катары гана келгиле деп айтылган сөздөр угулат.
КР Өнөр жай, энергетика жана жерказынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалымат боюнча, Шамбесай кениндеги колдонуудагы лицензия “Марк Лэнд” ЖАКда. Аталган компаниянын жетекчиси Канг Генг, уюштуруучулары “Z-EXPLORER” ЖАКу жана “Савоярды” ЖАКу катталган.
Эскертсек, Шамбесайдагы кендин ишмердигине каршы болуп кадамжайлыктар 2018-жылдын 2-февралында митинг уюштурган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: