2019-жылдын 17-майында УКМК Өздүк коопсуздук кызматы КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте УКМК ККК материалдары боюнча 50 миң сом пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкери Н.А. кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 мин сом пара талап кылгандыгы аныкталды. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.