2019-жылдын 15-мартында УКМК ККК тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-ж.т. С.Д. 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда  кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалмыта боюнча, 2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20га жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. Ж.К.аталган жер участокко зарыл болгон документтерди процессин даярдар берүү үчүн 5 миң. АКШ долларын талап кылгын.

Кармалган адам УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.