2026-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин орун басары жана делагациянын башчысы Умид Абидхаджаев баштаган делегация расмий иш сапары менен келишти.
Өзбекстан Республикасынан келген өкүлдөрдү Манас эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар департаментинин директору Алмаз Кадыракунов расмий тосуп алды.
Делегациянын сапарынын максаты, 2026-жылдын 28–29-майында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын кеңешмесине, ошондой эле ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча үчүнчү консультативдик кеңешмеге катышуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул жылы Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлгөнүнө 25 жылдыгы белгиленет.
Источник информации – КРФМ
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: