Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги кант кызылчасына байланышкан көйгөлөрдү чечүү максатында Чүй облусундагы кант кызылчасын кабыл алуу завод ээлери менен жолугушуп, абалды жөнгө салуу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды.
Быйылкы жылы кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар рекорддук түшүмдү жаратып, ал болжолдуу 900 миң тоннаны түзөөрү күтүлүүдө. Азыркы тапта кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күнүнө 18 миң тонна чийки затты кабыл алып жатышат. Бул өз учурунда заводдун күнүмдүк өндүрүмдүүлүгүнөн 2-3 эсе көп болуп, ал кабыл алуу пунттарындагы кезек күтүү көйгөйлөрүн жаратууда. Ошону менен бирге, дыйкандар түшүмүн бир убакта өткөрүүгө аракеттенүүсү абалды оорлоштурууда. Азыркы маалда дыйкандар 300миң тоннага чейин түшүмүн жыйнап, өткөрүшкөн. Бул дагы акыркы жылдардагы түшүм өткөрүүдөгү эң жогорку көрсөткүч.
Ошол эле учурда кант кызылчасын кабыл алууда дыйкандар тарабынан стандартка жооп бербеген (грязность) учурлар көп катталып жатат. Кант кызылчасынын канттуулугу боюнча да көйгөйлөр бар. Бирок, ага карабастан канттуулук төмөн учурда каралган 20% айыптын өлчөмү 10%га чейин азайтылган. 2025-жылкы түшүм үчүн канттуулукка жараша чийки затка болгон баа дагы аныктала тургандыгын завод жетекчилери кошумчалашты. Ал эми завод менен дыйкандын ортосунда келишимде көрсөтүлгөн товар үчүн 30% накталай төлөм жана 70% натуралдык (кумшекер) түрүндө төлөм күчүндө калат.
2025-жылдан тартып, кант кызылчасын тапшырууда кезектерди жоюу жана аны алдын алуу максатында айыл өкмөттөрү жана кант кызылчасын кабыл алуу пунктары менен макулдашылган график түзүлүп, ошонун негизинде иш жүргүзүлөт.
Келечекте ушул сыяктуу көйгөйлөр жаралган шартта Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, жергиликтүү бийлик жана завод өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн комиссия маселени ордунан чечишет.
Завод жетекчилери билдиргендей быйыл өстүрүлгөн түшүмдүн бардыгы коромжусуз, толук кабыл алынат.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.