Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын кызматкерлери эпизоотиялык абалды көзөмөлдөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

2026-жылдын 17–24-август күндөрү облус аймагындагы мал базарларда ветеринардык көзөмөл иштери жүргүзүлүп, мал базарларга келген жарандарга ветеринардык-санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери берилди.

Мониторинг учурунда сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери, идентификациядан өтүшү, башкача айтканда бирка же чип аркылуу белгилениши текшерилди. Ошондой эле мал базарларга бекитилген ветеринардык адистер тарабынан жаныбарларды клиникалык кароодон өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

17–24-август аралыгында Ош облусундагы мал базарларга жалпысынан:

1 788 баш ири мүйүздүү мал;

478 баш жылкы;

3 087 баш кой-эчки алып келинген.

Мониторингдин жүрүшүндө малдардын идентификациясы жана ветеринардык коштомо документтеринин болушу текшерилди.

Мындай ветеринардык көзөмөл жана мониторинг иштери Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө. Аталган иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан эпизоотиялык абалды туруктуу көзөмөлдөө жана жаныбарлардын ден соолугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. 

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.