Футбол боюнча улуттук командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин 4 жылдык келишимге кол койду. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Крестинин кыргызстандык футболчуларды Дүйнө чемпионаты жана Азия Кубогуна даярдайт.
«Кыргызстандын курама командасы менен иштегениме кубанам. Кубок Азияга дебюттук катышуубуз биз туура жолдо экенибизди көрсөттү. Жаш оюнчуларга көбүрөөк көңүл бурулат. Алар биздин курама командабыздын келечеги», – деп башкы машыктыруучу белгиледи.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: