Юстиция министрлиги кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайт.
1993-жылы Конституциянын кабыл алынышы эгемендүүлүктү, көз карандысыздыкты жана демократиянын, укуктук мамлекеттин негиздерин бекиткен өлкөнүн тарыхындагы маанилүү этап болуп калды. Бул документ адам укуктарын жана эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары тааныган.
2021-жылдагы Конституциялык өзгөртүүлөр башкаруу системасын жакшыртууга жана элдин биримдигин чыңдоого багытталган.
Урматтуу мекендештер!
Биздин жалпы жарандык милдетибиз – Конституцияда бекитилген баалуулуктарды жана принциптерди сактоо жана баалоо, алардын негизинде демократиялык укуктук мамлекет куруу, гүлдөп өнүгүү жана прогресс үчүн элдин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө.
Бул күн биздин Мекенди сүйгөн, анын тарыхын жана каада-салтын урматтаган, анын жыргалчылыгы үчүн иштегендерди дагы да бекем бириктирсин.
Сиздерге ден соолук, бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак каалайбыз!
Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги!
Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республик
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: