Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас айыл өкмөтүндө ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктары толук камсыздалбай келгендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде тиешелүү органдарга балдарды жер тилкелери жана турак жай менен камсыз кылуу боюнча прокурордук акт келтирилип, натыйжада «Семетей» жаңы конушунан 7 бала жер тилкелери менен камсыз болду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-бер. жана Турак жай кодексинин 43-бер. талаптарына ылайык, баланын турак-жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат, жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиктери каралган.
Источник информации – www.prokuror.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: