2026-жылдын 21-октябры, Кытай Эл Республикасы, Сиань шаары

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн 2026-жылдагы Кытайдын эл аралык боордош шаарлар конференциясынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасын бекем достук, ынак коңшулук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери байланыштырып турарын белгиледи. Ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу сооданы, логистиканы өнүктүрүүгө жана аймактык өз ара байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары баса белгиленди.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү оң динамиканы жана аймактар аралык кызматташтыктын кеңейип жатканын белгилеп, эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда 50дөн ашык боордоштук байланыш түзүлгөнүнө токтолду.

Мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары соода-экономикалык байланыштарды, өнөр жай кооперациясын жана технологиялык өнөктөштүктү, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо белгиленди.

Кыргызстандагы долбоорлорго, анын ичинде «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагына жана «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштей турган туристтик долбооруна кытайлык инвесторлорду тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштү жергиликтештирүү жана заманбап технологиялар менен алмашуу маселелери белгиленди.

Мындан тышкары, боордош шаарлардын ортосунда шаардык башкарууну санариптештирүү, инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү сунушталды. Эки өлкөнүн аймактары менен шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында кыргыз-кытай аймактар аралык форумун өткөрүү механизмин түзүү демилгеси да көтөрүлдү.

Сөзүнүн соңунда Бакыт Төрөбаев конференция Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө жана жетишилген макулдашууларды конкреттүү биргелешкен долбоорлорго айландырууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.

Маалымат булагы gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.