Жолугушууда тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, ишкерлер ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн бизнесинин Азия рынокторуна кирүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ишкердик байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен долбоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Учурда Орусияда болжол менен 165 кыргыз компаниясы иштеп жатканы белгиленди, бул эки тараптуу ишкердик кызматташуунун бар болгон потенциалын көрсөтүп турат.
Жолугушуунун жыйынтыгында орусиялык ишкерлерди кыргыз рыногуна тартууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен ишкердик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Маалымат булагы kg.cci.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: