2026-жылдын 3-октябрында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 85-театрдык сезондун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Театрдын жаңы сезону залкар балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.
Сезондун ачылышында кыргыз хореографиялык өнөрүнүн бермети болгон М. Раухвергердин «Чолпон» балети тартууланды. Спектаклге театрдын балет артисттери жана симфониялык оркестри катышып, дирижёрлук милдетти Семетей Султанов аткарды.
Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышты.
Башкы ролдордо
Чолпон – Мээрим Султакаева,
Нурдин – Атабек Садыркулов;
Айдай – Даяна Кыдыралиева;
Темир-хан – Валерий Разумейко;
Жин – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Фарух Садыркулов.
Кыргыз хореографиялык өнөрүнүн классикалык чыгармаларынын бири болгон «Чолпон» балети Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында 60 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп келет. Спектакль театрдын балет труппасынын чыгармачылык жана кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Балеттин балетмейстер-коюучусу – Кыргыз ССРинин эл артисти Н. Түгөлов, редакциясы – Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты У. Сарбагышев, сүрөтчү-коюучусу – СССРдин эл сүрөтчүсү А. Арефьев.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: