“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун экинчи этабы башталууда. Бул долбоор мамлекеттик органдардын ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууну, коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү, ошондой эле жарандардын мамлекеттик мекемелердин иши тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну көздөйт.

Долбоорго мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана мамлекеттик уюмдардын жетекчилери катышат.

Долбоор жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилеринин ортосундагы ачык диалогду камтыйт. Анын жүрүшүндө алардын ишинин негизги багыттары, жүрүп жаткан реформалар, ошондой эле алдыдагы мезгилге карата пландары жана артыкчылыктуу максаттары талкууланат.

“Ачык кабинет” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу мамлекеттик башкаруунун ачык жана отчеттуу системасын куруу, ошондой эле мамлекеттик институттарга карата коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы иш-аракеттердин уландысы болуп саналат. 

Маалымат булагы gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.