«НТС» телеканалында ашыкча салмак менен күрөшүү боюнча «Максимумда!» жаңы теледолбоору башталат. Реалити-шоунун катышуучулары машыктыруучулардын, диетологдордун, дарыгерлер жана психологдордун жардамы менен өздөрүнүн ашыкча салмагы менен күрөшөт.
24-мартта кастингдин 1 этабы өтүп катышуучулар тандалды.
«Үч айдын ичинде катышуучулар спорттук тренерлердин, психолог, диетеолог жана стилисттердин кеңештери менен туура тамактанып, машыгып жана өзүнүн энергиясынын сарптаганын үйрөнүшөт», – деп уюштуруучулар айтып берди.
ТВ-долбоор «Пресс-клуб» Коомдук бирикмеси жана «AKS media» студиясынын демилгеси «НТС» медиа-холдингинин жана Maximum фитнес-борборунун жардамы менен жарыкка чыгат.
Элет.media сайты телешоунун маалымат өнөктөшү.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: