Таластагы Чункур өтүүсүндө чек арачылар катылган куралдарды табып алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.
“Маалымат боюнча, үңкүрдөгү аскалардын арасында 1942-жылы чыгарылган Мосин карабини жана мергенчилик мылтык табылды”, – деп чек ара кызматы белгиледи.
Тиешелүү документтер даярдалгандан кийин, курал ИИМнин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: