Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-майда, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалданма компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
«Бул унаа жолу республикадагы кыймыл эң көп жолдордун бири. Мындан улам анын курулушун тездетүү кажет. Зарылдыкка жараша эки смена менен, анын ичинде жолдун кыймыл аз тилкелеринде түнкүсүн ишти жүргүзүү керек. Аны менен бирге «Бишкек – Кара-Балта» унаа жолу реконструкциядан кийин сапаттуу болуп жана бардык заманбап талаптарга жооп бериши шарт”, – деп тапшырды ал.
Курулуш иштери жүрүп жаткан тилкенин жалпы узундугу 45,1 км түзөт. Ишти жүргүзүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан донордук каражаттар тартылган.
Курулуш 2017-жылы башталган жана 2021-жылы аяктоо пландалууда. Жалпысынан 84 жол техникасы тартылган. Учурда айрым тилкелерде жол иштери, бактарды кыркуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн орнотуу аяктады. Мындан тышкары, 85 жаңы электр өткөрүүчү чубалгыларын жана 120 байланыш линияларын жылдыруу ишке ашырылды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: