Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын “Бирдиктүү терезеде” маалымкат же документтерди берүү учурунда веб-камера колдонууну киргизүүдө. Бул тууралу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

“Бирдиктүү терезенин” кызматкери, веб-камераны колдонуу тартибине ылайык, салык органына кайрылган салык төлөөчүнү сүрөткө түшүрүү жана сактоо жолу менен, берилип жаткан маалымкаттын жана документтин каттоо номери жана убактысына дал келген каттоо номерин жана убактысын көрсөтүү менен колдонот.

Салык төлөөчү веб-камерага сүрөткө түшүүдөн баш тарткан учурда, ал жазуу түрүндөгү баш тартууга кол коёт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.