2018-жылдын январь-апрель айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелери 50 млрд 496 млн сомду туздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы билдирди.
Жалпы кирешенин ичинде 32 млрд сом салык кирешелери. 19,8 млрд сом Мамлекеттик салык кызматы камсыздаган, 13 млрд сом бажы кызматынан тушкөн.
Кумтөр менен Улуттук банктын салымы 2 млрд сомдон түзгөн.
Отчеттук мезгилде, бюджеттин чыгашалары 39 млрд сомду түзгөн. Анын ичинде: айлыктарга – 8 млрд сом, пенсияларга – 4 млрд, соцжардамга – 2,5 млрд сом сарпталган. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө үчүн 1,6 млрд сом багытталган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: