2018-жылдын январь-апрель айларында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы 4 контролдук-өткөрмө пункттарында Кыргызстанга ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында кирген 37 миң 353 жүк ташуучу авто унаа товары менен катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
“Көрсөтүлгөн мезгил үчүн авто унаа менен жүк ташуунун ири саны Ысык Ата районундагы “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пункттунда 21 миң 558 авто унаа катталган. Панфилов районундагы “Чалдыбар” өткөрмө пункту аркылуу 8 миң 329 жүктөрдү ташуу ишке ашырылган, Манас районундагы “Чоң-Капка” өткөрмө пункту аркылуу – 4 миң 775, Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” өткөрмө пункту аркылуу – 2 миң 691”, – деп басма сөз белгиледи.
Жүк ташуучу авто унаалардын жалпы санынын ичинен салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн (коштомо кагаз жана маалымкаттары жок) 335 авто унаа кармалган, алар ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен өз ара соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ишкердик жүргүзүү максатында товарларды ташуу боюнча талаптарды бузуу, мыйзамсыз товарларды ташып келүү/ташып чыгуу фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча контролдук-оперативдүү жана рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө биргелешкен мобилдик топтор тарабынан аныкталган.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-октябрынан тартып ЭККМК, ИИМ жана Салык кызматынын кызматкерлеринин курамы менен биргелешкен 4 мобилдик топтор иштейт, алар Ысык-Ата районундагы “Ак-Тилек”, Панфилов районундагы “Чалдыбар”, Манас районундагы “Чоң-Капка”, жана Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” контролдук-өткөрмө пункттарында иштейт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: