Кыргыз өкмөтү салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түздү. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электрондук тутумун киргизүүнү тездетүүнү тапшырган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билирет.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү киришти.

Жумушчу топко төмөнкүлөрдү дыкаттык менен изилдеп, иштеп чыгуу тапшырылды:

  • КР өкмөтүнүн салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча чечимдеринин жана салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүүнүн техникалык тапшырмаларынын долбоорун;
  • салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча сынактык тандоо компаниясын өткөрүү процедураларын иштеп чыгуу;
  • салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча сынактык тандоо компаниясынын катышуучуларына квалификациялык талаптарды даярдоо.

Салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутуму салык жыйноону жогорулатууга, коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү кескин кыскартууга, республикалык бюджетке жыйымдарды чогултууну көбөйтүүгө жана контрафакттык продукцияларды ташуу жана өндүрүүнү кыйла азайтууга багытталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.