Кыргызстан менен Кытай техникалык жана экономикалык кызматташуу багытында келишим тузулдү. Келишим аркылуу, Кыргызстанга 350 млн юань бөлүнөт. Бул тууралуу экономика министрлигинин басма соз кызматы билдирет.
Бөлүнгөн каражат Бишкектин көчөлөрүн оңдоо иштерине сарпталат.
Андан сырткары, “Археологиялык эстеликтерди изилдөө, консервация, реставрация жана музеефикациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн өзүнчө келишим түзүлдү. Келишим боюнча, Кум-Дөбө (Кочкор-Башы),  Мынакелди жана Бурана (Баласагын) эски шаарлардын урандысында археологиялык иштерди алып баруу үчүн 100 млн юань берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.