2018-жылдын 8-июнь күнү болжол менен саат 14:15тен 14:35ке чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөндүр аралаш жаан катуу жааган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Ала-Бука районунун Ашла-Бука айыл аймагында катуу жааган мөндүр аралаш жаандан турак-үйлөр жана адамдар жабыркаган эмес.
Жерине барып тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо району боюнча ӨКМдин бөлүмүнүн өкүлдөрү жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетишкен.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: