Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-июлда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун кабырына гүл коюу аземине катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Куран окутулду.
Гүл коюу аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчилери, жазуучунун үй-бүлөсү жана туугандары катышты. Белгилесек, 2008-жылдын дал ушул күнү кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Ч.Т. Айтматов дүйнө салган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: