ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, өз ара биргеликте иш-чара жүргүзүү Планынын алкагында Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ИИМдин баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Б.Ш. жаранынын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүүнүн жыйынтыгында  өсүмдүк түрүндөгү зат табылган.

Жүргүзүлгөн химялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жогоруда табылган зат “марихуана” заты экени аныкталган. Кармалган марихуананын жалпы салмагы 1960 грамм.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ тарабынан кылмыш иши козголду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.