Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамынын алдында “Наша Победа – Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева жана “Эрдик” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Каныбек Мырзаканов жана Гүлнара Мырзаканова менен жолугушту.
Президент аларды келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, бул майрам көз жаш менен тосуп алчу майрам экенин белгиледи.
«Бизди совет элинин биримдиги жеңишке жеткирди. Биздин бирдиктүү эл каармандыктын кайталангыс үлгүсүн көрсөттү», – деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.
Жолугушууда издөө жумуштарын жүргүзүү, аны уюштурууга каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жана мамлекеттик мекемелерде архивдик документтерди издөөнү көмөктөшүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча тынымсыз аракеттери, тарыхка болгон аяр мамилеси жана өз ишине берилгендиги үчүн Светлана Лаптева менен Каныбек Мырзакановго ыраазычылык билдирди.
«Сиздердин аткарган ишиңер сый-урматка татыктуу. Жасаган эмгегиңиздердин аркасы менен мурда белгисиз жоокерлердин ысымдары түбөлүккө сакталды», – деп мамлекет башчысы кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууда айтылган бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдар тарабынан издөө кыймылдарына керектүү жардам көрсөтүү жумуштары жөнгө салынаарын белгиледи.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: