Фестиваль  кароо -сынак  Казакстан Республикасынын  Алматы шаарында “Бакытты елдин урпагы” аталышында өттү. Бул фестиваль кароо-сынакка 5 өлкөдөн 800 өспүрүм 3 жаштан 21 жашка чейин катышышты. Бул тууралу Кыргыз республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Аталган  эл аралык  фестиваль кароо-сынакта  П.Ф.Шубин атындагы ББММ мекемесинин 3 окуучусу катышып,  ар бири өздүк жаш категориясында баш байгени утуп келишти.  

Алар:

  • Бакирдинова Аяна, 9 жашта (аспаптар искусствосу);
  • Нааматбекова Боогачы, 11 жашта (улуттук аспаптар);
  • Аширалиев  Нурсултан, 13 жашта (улуттук аспаптар).

Ал эми  ушул фестивалга калыстар мүчөсү болуп барган КР  эмгек сиңирген артисти Гульзинат Суранчиева  “Үздүк устаз” төш белгиси менен сыйланды.

Кароо сынак театралдык, херография искусствосу, көркөм окуу, классикалык инструменти, элдик аспаптар, фольклор номинациялары боюнча өткөрүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.