КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-июнда, салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы бул долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, салык тутумун фискалдаштыруу фискалдык органдардын ишмердигиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюп жана республикалык бюджетке салыктык жыйымдардын түшүүлөрүн көбөйтөт. Ал электрондук эсеп-фактураларын, электрондук патентти киргизүү, маркировкалоо жана товарларды көзөмөлдөөнү колдонуу, салык төлөөчүлөргө салыктык отчеттуулукту электрондук түрдө сунуштоо, ошондой эле онлайн режиминде маалыматтарды бере алган көзөмөлдүк-кассалык машиналарды колдонууну жакшыртуу дегенди билдирет.

«Бул тутумдун киргизилиши менен ак ниеттүү атаандаштык үчүн шарттар түзүлөт. Башкарууну жана жалпы салык тутумун жакшыртуу мүмкүндүктөрү жаралат», – деп өкмөт башчысы белгиледи.

Премьер-министр ошондой эле товарларды маркировкалоо зарылдыгын белгиледи. Ал өлкөнүн Өкмөтү тарабынан аныкталган товарлардын белгилүү бир тизмеси боюнча жүргүзүлөт. Бул чара маркировкаланган товарлардын көлөмүн көмүскө экономикадан чыгарууну, аларды каттоо тутумун жөндөөнү шарттайт жана аткезчиликти жоюу үчүн таасирдүү механизм болот.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердиги боюнча бир катар сунуштар айтылды. Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүгө байланыштуу чараларды өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.