«Санарип аймак» 21 күндүк акциясы дагы 20 күнгө узартылды
«Санарип аймак» электрондук тутумунун ишин жакшыртуу максатында айыл жана шаарларда калктуу конуштарды кыдырып жеринде каттоо 21 күндүк акциясы ийгиликтүү аягына чыкты. Аталган атайын иш чара 10- майдан баштап жер, жерлерде юштурулган.
Жогоруда аталган саамалык Агенттиктин аракети, коомчулуктун өтүнүчү жана каттоо жүргүзгөн атайын кызматкерлердин демилгеси менен дагы 20 күнгө узуртылды. Тактай кетсек, “Санарип Аймак” электрондук автоматташтырылган тутумуна каттоо ушуну менен аягына чыгат дегенди билдирбейт. Мындан ары карай иш ыргагынын ырааты менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каттоого алуу кадимдегидей эле улантыла берет.
Акциянын жүрүшүндө шаардык мэриялардын, айыл өкмөттөрдүн тийиштүү адистери калкты кыдырып жеринде жарандарды каттоо ишин ийгиликтүү алып барышты.
Иш чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Жергиликтүү бийлик жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурган.
Төмөнкү сүрөттөрдөн аймактардагы “Санарип аймак” тутумуна каттоо акциясынын ургалдуу жүрүшүн көрө аласыздар.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: