2023-жылдын 2-июнь күнү «Чоңдор үчүн билим күнү» фестивалына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Ачикеева Чолпон Чекировна, чоңдор үчүн билим аттуу иш-чарага катышты.
Аталган иш чара калкты иш менен камсыздоону жогорулатуу жана кесиптик билим деңгээлин арттыруу , ишке орношуу жолунда, Кыргыз Республикасынын мекемелеринин өндүрүмдүүлүгүнө жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө жардам көрсөтүү масатын көздөйт.
Фестивалга мамлекеттин баардык булуң-бурчтарынан өкүлдөр келип катышышты. Кошумчалай кетсек, бул окутуунун алкагында айыл өкмөттөр менен да тыгыз иш алып барылууда.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: