25-июнда, болжол менен саат 20:00дө Таш-Көмүр шаарындагы тоо боорунун үч жеринен 7 миң метр куб шагыл, таш түшүп, жолду жаап калган. Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Көчкү Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарлардын ортосунда түшкөн.
Жеринде эки техника жана 16 куткаруучу иштеп, саат 03:00дөр чамасында жол бир тараптуу ачылганы айтылат. Ага чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сегиз экипажы автоунааларды көзөмөлдөп турган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: