Иш жүзүндө 2161 га аянтка экме токойлор отургузулган, анын ичинен:
мамлекеттик токой фондунун жеринде 2051 га;
мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде 110 га.
Көчөтканаларда үрөн себүү, школдук бөлүмдөрдү түзүү жана калемчелерди отургузуу
Жакынкы жылдарга токой культураларын отургузуу боюнча иш-чараларды отургузулуучу материалдар менен камсыз кылуу жана калктуу пункттарды жашылдандыруу максатында көчөтканаларда 11,57 га аянтка бак-дарактардын жана бадалдардын үрөнү себилди, школдук бөлүмдөрүндө 350,33 миң даана себилме көчөттөр (сеянцы) жана калемчелер плантациясында 11560,5 миң даана калемчелер отургузулду.
Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында бак-дарактардын жана бадалдардын отургузулуучу материалдарын сатуу жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 89-т тескемесин аткарууну камсыз кылуу максатында жана “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында 706047 даана көчөттөр калктуу конуштарга жашылдандыруу үчүн сатылды.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: