Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына экспорттолгон жаңы калемпирлер боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Партияда карантиндик зыяндуу организм – томат мөлөлөрүнүн күрөң бырыштуу вирусу (Tomato brown rugose fruit virus, или ToBRFV) табылган.
2023-жылдын ичинде 4282,6 тонна калемпир экспорттолгон, анын ичинен Россия Федерациясына 3 796,8 тонна экспорттолгон.
Азыркы учурда жогоруда аталган партиялардын менчик ээлери жана фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболорунун тартибин бузуулар такталууда.
Source – https://agro.gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: