Ысык-Көл облусундагы Оруктуу айылында Чолпон-Ата РЭСнин кызматкерин 529 сомдук карыз үчүн айылдын тургундары токмоктоп кетишти. Бул тууралуу “Востокэлектро” ААКнун басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, окуя 27-июнда болгон. Чолпон-Ата РЭСнин кызматкерлери Абдыбекова А., Усубакунов Р., Бокошев Б. Оруктуу айылындагы карызы бар абоненттерди электроэенергиядан өчүрүү жумуштарын баштаган. Абонент Бакыт Тажиевтин уулу достору менен келип Усубакунов Р. сабап кетишкен.

Бул тууралуу РЭСтин кызматкерлери облустук ОИИБнө кайрылышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.