2023-жылдын 23-июнунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда мал азыктарында (сүт, эт, балык азыктары, бал) антибиотиктердин 72 түрүнүн максималдуу жол берилген деңгээлин белгилеген “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” Бажы бирлигинин техникалык регламентине (ТР CU 021/2011) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимине кол коюлган.

Чечим ЕАЭБ сайтында жарыяланган жана 2024-жылдын 10-июлунан тартып күчүнө кирет. Чечимдин толук тексти менен https://docs.eaeunion.org/docs/en-us/01440462/err_10072023_70 шилтемеси аркылуу таанышсаңыз болот.

Урматтуу мал азыктарынын өндүрүүчүлөрү, өндүрүлгөн продукциянын кайра кайтарылышын же жок кылынышын болтурбоо үчүн ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөбүз.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.