Балык чарба көлмөлөрүнүн акваториясынын жана алардын айрым тилкелерине балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөйтүү максаттары үчүн пайдаланууга берүү боюнча 10-августта ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү.
Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына Балык чарба департаментинин, Суу чарба жана Ветеринария кызматынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун жана Кыргызстандын балыкчылар ассоциациясынын өкүлдөрү кирди.
Ведомстволор аралык сынак комиссиясынын жыйынында жеке жана юридикалык жактардан түшкөн 16 арыз каралды.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: