Башкы прокурор адамды камакта мыйзамсыз кармап тургандыгы үчүн Жогорку соттун үч судьясына жана соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызматчыларына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Иштин материалдарында кылмышка шектүү жаран соттун туура эмес чечими үчүн камакта 12 күн ашык кармалгандыгы аныкталып анын конституциялык укугу бузулгандыгы айтылат.

Кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.