Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык биримдигинин «Тоют жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин долбоору иштелип чыккандыгын билдирет.

Техникалык регламенттин долбоорун жөнгө салуунун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– иттердин жана мышыктардын азыгынан башка жем;

– тоют кошумчалары;

– тоютка жана тоют кошумчаларын өндүрүү үчүн чийки зат анын ичинде тамак-аш кайра иштетүү азыктарын жана тамак-аш өнөр жайынын калдыктарын кошкондо, тоют жана тоют кошумчаларын өндүрүү үчүн сырье;

– тоютка жана тоют кошумчаларын өндүрүү үчүн чийки зат анын ичинде тамак-аш , сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарга байланыштуу.

Техникалык регламенттин долбоорунун тексти менен Евразия экономикалык комиссиясынын сайтынан таанышууга же 0553230425 телефону аркылуу жооп алууга болот.

2023-жылдын 20-сентябрына чейин бардык кызыктар тараптардын сын-пикир, сунуштарын upol.islamkyzy@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүүсүн суранабыз.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.