III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун (ДКО) ачылыш жана жабылыш аземинин билеттери сатууга түштү. Бул тууралуу ДКО секретариаты маалымдайт.
ДКО билеттерин Бишкек шаарынын ( Чүй көч. 96. Киев көч.114), Ош шаарынын (Ленин көч.320) жана Чолпон-Ата (Советская көч.122) шаарындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот.
Ошондой эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга болот. Ачылыш аземинин билеттеринин баасы 400 сомдон 4 900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин болот.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында саат 20-00мин. Жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында саат 20- 00мин. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун калган иш чараларына кирүү эркин.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: