Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери толук аяктады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Сел 2018-жылдын 17-июль күнү саат 11:45 чамасында Бактуу-Долоноту, Бостери жана Булан-Сөгөтү айылдарында жүргөн. Селдин кесепетинен Бостери айылында ички чарбалык каналдан суу ашып, 15 турак үйдүн жана Бактуу-Долоноту айылында 3 турак үйдүн короо жайларын каптаган.

Булан-Сөгөтү айылында 1 орто мектептин, 1 балдар бакчасынын жер төлөсүнө сел суулары кирип, 13 турак үйдүн короо жайларын каптаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.